Загрузка документа…
КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Куршаб айылдык Кеңешинин кезексиз XXVII сессиясы (V чакырылыш)
2016-жылдын 11-апрели №174
Куршаб айыл өкмөтүндөгү «Алдиер» футболдук командасы Кыргызстандын жогорку лигасында ойноп жаткандыктан Кыргызстан футболдук лигасынын 04.02.2016-жылдагы катынын негизинде Куршаб борбордук стадионун футбол боюнча чемпионатын өткөрүү үчүн ФиФа талаптарга жооп бербегендигине байланыштуу стадионду реконструкциялоо жана кеңейтүү жөнүндөгү маселени карап талкуулап чыгып Куршаб айылдык кенешинин (бешинчи шайланган) кезектеги ХХVII отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Куршаб борбордук стадиону футбол боюнча чемпионатын өткөрүү үчүн ФиФа талаптарына жооп бербегендигине байланыштуу стадионду реконструкциялоо жана кеңейтүү керектүү корутундулары такталгандан кийин мыйзам чегинде уруксат берилсин.
2. Ленин-5 мектебинин 05.04.2014-жылдагы № 82 жана «Наристе» балдар бакчасынын 31.03.2014-жылдагы макулдашуу каттарынын негизинде борбордук стадион чыгыш тарапка 13,0 метрге, түндүк жак Чынар парк тарапка эски чуңкур болгон жер 13,5 метр жылдырылсын.
3. Стадионду реконструкциялоого жана кеңейтүү үчүн керектүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Н.Калбаевке милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин жер, мелиорация, туракжай жерге жайгаштыруу жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жуктөлсун.
Төрага |
Ахунов Т.Х.
|