Загрузка документа…
КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Куршаб айылдык Кеңешинин кезексиз XXVIII сессиясы (V чакырылыш)
2016-жылдын 15-июну №179
Куршаб айыл өкмөтүнүн аймагындагы Багда Курбанова кичи айылынын үстүндөгү Гоо участкасында жайгашкан жайыт комитетинин балансында турган 3,0 га жер тилкесин мазар үчүн ажыратып берүү боюнча Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Н.Калбаевдин 2016-жылдын 15-июнь күнү жазган өтүнүч катын жана айыл №1-айылдын тургундарынын арызын карап, талкуулап чыгып Куршаб айылдык Кенешинин (бешинчи шайланган) кезексиз XXVIII отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Куршаб айыл өкмөтүнүн №1 –айылдын тургундарынын арызынын негизинде Куршаб айыл өкмөтүнүн аймагындагы Багда Курбанова кичи айылынын үстүндөгү Гоо участкасында жайгашкан жайыт комитетинин балансында турган 3,0 га жер тилкеси мазар үчүн ажыратылып берилсин.
2. Мыйзам чегинде жогорудагы аты аталган жер тилкесине тиешеси бар райондук,областтык кызматтардын корутундуларынын негизинде керектуу иш кагаздарын даярдап бутуруу жана уюштуруу жагы Куршаб айыл өкмөтунун башчысы Ж.Н.Калбаевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин жер,мелиорация,турак жай.жерге жайгаштыруу жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жуктөлсун.
Төрага |
Ахунов Т.Х.
|