Загрузка документа…
КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Куршаб айылдык Кеңешинин кезексиз XXVIII сессиясы (V чакырылыш)
2016-жылдын 15-июну №181
Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 25-жылдыгына карата республикабыздын айыл чарбасына кошкон көп жылдык эмгегин эске алуу менен жана айыл тургундарынын Насиров Мухаметураимди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак Грамотасына көрсөтүү жөнүндөгү арызын карап, талкуулап чыгып Куршаб айылдык Кеңешинин (бешинчи шайланган) кезексиз XXVIII отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Насиров Мухаметураим Өзгөн, Кара-Кулжа райондор аралык мамлекеттик үрөн инспекциясынын башчысы, көп жылдык узурлуу эмгегин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Ардак Грамотасына көрсөтүлсүн.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Куршаб айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартипти чыңдоо, этика, маданият, жаштар жана спорт боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Ахунов Т.Х.
|