Загрузка документа…
КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Куршаб айылдык Кеңешинин кезектеги XXIX сессиясы (V чакырылыш)
2016-жылдын 20-июлу №182
Өзгөн РИИБнин Куршаб аймактык милиция бөлүмчөсүнүн 2016-жылда кылмыштуулукту алдын-алуу,коомдук тартипти сактоо боюнча жүргүзүп жаткан иштери жана алдыдагы милдеттери жөнүндөгү маселени карап талкуулап чыгып Куршаб айылдык Кеңешинин (бешинчи шайланган) кезектеги ХХIХ отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Өзгөн РИИБнин Куршаб аймактык милиция бөлүмчөсүнүн 2016-жылда кылмыштуулукту алдын-алуу, коомдук тартипти сактоо боюнча жүргүзүп жаткан иштери белгиленсин.
2. Кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча Куршаб Коомдук алдын алуу борбору менен бирдикте айылдарда,мектептерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен тыгыз байланышта иш алып баруу жагы Куршаб аймактык милиция бөлүмчөсүнө милдеттендирилсин.
3 Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук,тартипти чыңдоо, этика,маданият,жаштар жана спорт боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Ахунов Т.Х.
|