Загрузка документа…
КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Куршаб айылдык Кеңешинин кезектеги XXIX сессиясы (V чакырылыш)
2016-жылдын 20-июлу №184
Жалил Токторбаев атындагы Куршаб жалпы профилактикалык борборунун 2016-жыл ичинде айыл тургундарын тейлөөдө жүргүзүп жаткан иштери жөнүндөгү маселени карап,талкуулап чыгып Куршаб айылдык Кенешинин (бешинчи шайланган) кезектеги ХХIХ отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1.Жалил Токторбаев атындагы Куршаб жалпы профилактикалык борборунун 2016-жыл ичинде айыл тургундарын тейлөөдө жүргүзүп жаткан иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Ден соолугуна байланыштуу кайрылган жарандарды кабыл алууда мыйзам ченемдүү иш алып баруу менен жарандарды сапаттуу тейлөөнү жүргүзүү жана көзөмөлдөө Жалил Токторбаев атындагы Куршаб жалпы дарыгерлик профилактикалык борборунун директору Н.К.Бекиевага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеёештин билим берүү,саламаттыкты сактоо,социалдык маселелер (тил,каада салт,дин) боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Ахунов Т.Х.
|