Загрузка документа…
КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Куршаб айылдык Кеңешинин кезексиз XXXI сессиясы (V чакырылыш)
2016-жылдын 14-октябры №190
Күн тартибиндеги Куршаб айыл өкмөтүнүн 2016-жылынын 9 айдын үнөмдөлгөн жана киреше бөлүгүнөн түшкөн кошумча каражатты бөлүштүрүү туралуу маселени угуп, талкуулап Куршаб айылдык Кенешинин (бешинчи шайланган) кезексиз ХХХI отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
Куршаб айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2016-жылынын 9(тогуз) айына карата үнөмдөлгөн: көмүрдөн 750,4 миң сом, шагылдан 180,0 миң сом, чункурчаларды асфальтоодон 211,0 миң сом жалпысы: 1 141,4 миң сом
Салык түрлөрүнөн кошумча киреше: мүлк салыгынын 4 группасы (транспорт салык) 192,0 миң сом, айыл чарба багытында эмес жер салыгынан 90,0 миң сом, сатыктан алынуучу салык 285,0. ФПЗ 81,8 мин сом, жалпысы: 648,8 миң сом
Бардыгы: 1790,2 миң сом акча каражаты төмөнкү багыттарга жумшалсын:
Мамлекеттик башкаруу бөлүмүнө:
- Трактор күйүүчү майы үчүн-30,0 (отуз миң)сом.
- Интернет байланышы үчүн -50,0 (элуу миң)сом.
- Иш кагаздарына , принтерге картрижд жана канцеляриялык товарга-50,0 (элүү миң)сом.
- Айыл окмотунун имаратын кышкыга даярдоо боюнча: кондиционер (зима-лето) жана электр жылыткычтар үчүн 60,0 (алтымыш мин) сом
Билим берүү бөлүмүнө:
- Ленин №5 орто мектеби жана Ы. Бектемиров орто мектебине комплект компьютер 100,0 (жүз миң) сом.
- Ленин №5 орто мектебинин жаңы имаратынын көмүрү үчүн -150,0 ( бир жүз элүү миң)сом.
- А. Танатаров мектеп гимназиясына электр мамыча жана электр өткөргүчү үчүн- 20,0 (жыйырма миң) сом
- Ы. Бектемиров орто мектеби үчүн көмүр кампа – 60,0 (алтымыш миң) сом
Комуналдык чарба бөлүмүнө:
- футболдук команда «ФК Алдиер» үчүн 700,0 (жети жүз миң) сом
- ЕБР дин таза суу долбоорунун аткарылышы боюнча уюштуруу иштери үчүн-180,0 (бир жуз сексен миң) сом.
- Долбоорго сунушталган көпүрөлөрдү колдоо учун 150,0 ( бир жуз элуу миң) сом.
- Электр өткөргүчтөр үчүн:
С.Абдыраев,М.Садыков,А.Алиев-60,0 (алтымыш миң) сом
Семетей 20,0 (жыйырма миң) сом
У.Турдукулов 25,2 (жыйырма беш миң эки жуз) сом
Шамшиев 35,3 (отуз беш миң үч жүз) сом
Чөөбөрү атууга сыйлык 29,7 (жыйырма тогуз миң жти жүз) сом
Социалдык коргоо бөлүмүнө:
Калктын жакыр катмарына кышкыга керектелүүчү муктаждыктарына 70,0 ( жетимиш миң) сом.
Ушул токтомду аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Н.Калбаевке жүктөлсүн.
Токтомдордун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет, финансы, экономика маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Куршаб айылдык кеңештин төрагасынын орун басары |
А.Ташиев
|