Загрузка документа…
КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Куршаб айылдык Кеңешинин кезексиз XXXI сессиясы (V чакырылыш)
2016-жылдын 14-октябры №193
Куршаб айылдык кеңешинин депутаттарынын сунушунун негизинде Куршаб айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык абалын көтөрүүгө, инфраструктурасын жакшыртууга кошкон зор салымдарын эске алып Куршаб айылдык кенешинин (бешинчи шайланган) кезексиз ХХХI отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Куршаб айылдык кеңешинин депутаты Сабытбек уулу Бактыярга Куршаб айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык абалын көтөрүүгө,инфраструктурасын жакшыртууга кошкон зор салымы үчүн «Айылдын Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышы Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Н.Калбаевке жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Куршаб айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук,тартипти чыңдоо, этика,маданият,жаштар жана спорт боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Куршаб айылдык кенештин төрагасынын орун басары |
А.Ташиев
|