Загрузка документа…
КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Куршаб айылдык Кеңешинин кезектеги XXXII сессиясы (V чакырылыш)
2016-жылдын 15-ноябры №197
Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосунун (АРИС) айылдарды инвестициялоо долбоору-3(АИД-3) жөнүндөгү маалыматты конкурстук комиссиянын Куршаб айыл аймагындагы Куршаб, Шагым, Эрдик айылдардын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн тандап алуу боюнча конкурстук комиссиянын 12.11.2016-ж. № 9 протоколу менен таанышып, талкуулап Куршаб айылдык кенешинин (бешинчи шайланган) ХХХII отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. АРИСтин айылдарды инвестициялоо долбооруна (АИД-3) артыкчылыктуу көйгөйлөрдү тандап алуу конкурстук комиссиясынын 12.11.2016-жылкы № 8 протоколунун негизинде бекитилсин жана сунушталсын.(протоколу тиркелет)
2. Куршаб айыл өкмөтүнүн өнүктүрүү стратегиялык планы кайрадан каралып иштелип чыгылсын.
3. АИД-3 долбооруна керектелүүчү документтерди өз убагында даярдап берүү жана уюштуруу иштерин жогорку денгээлде жүргузүү жагы Куршаб айыл аймагынын башчысы Калбаев Ж.Н.ке милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет,финансы,экономикалык маселелер,инвестиция тартуу жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын
Төрага |
Ахунов Т.Х.
|
Куршаб айыл аймагындагы Куршаб,Шагым, Эрдик айылдарынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосунун (АРИС) «Айылды инвестициялоо-3» долбооруна(АИД-3) артыкчылыктуу көйгөйлөрүн тандап алуу боюнча конкурстук комиссиянын чогулушунун
ПРОТОКОЛУ №9
Куршаб айылы 12.11.2016-ж.
«Айылды инвестициялоо-3» долбооруна(АИД-3) артыкчылыктуу көйгөйлөрүн тандап алуу чогулушуна катышкан конкурстук комиссиянын саны-11
КУН ТАРТИБИ
Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосунун(АРИС) «Айылды инвестициялоо-3» долбооруна(АИД-3) артыкчылыктуу койгойло- рун тандап алуу.
Конкурстук комиссиянын курамы:
1. Торагасы: Топоев А.-Куршаб айыл аймагынын башчысынын орун басары.
2. Сазанов М.- Куршаб айыл аймагынын башчысынын социалдык маселелер боюнча орун басары.
3. Бекеева З.-демилгечи топтун мучосу.
4. Мадумаров А.- айылдык кенештин депутаты.келген жок
5. Эргешова А.- демилгечи топтун мучосу. келген жок
6. Жолборсов К.демилгечи топтун мучосу.
7. Эгемкулов Р.демилгечи топтун мучосу.
8. Муратова З.демилгечи топтун мучосу.
9. Келдибаева Суйумкан-демилгечи топтун мучосу. Келген жок.
10. Пусуров К.-демилгечи топтун мучосу
11. Сабытбек уулу Б.-айылдык кенештин депутаты.
12. Шамшиев М.-айылдык кенештин депутаты.
13. Полотова Б.-демилгечи топтун мучосу. келген жок.
14. Жээнбеков М.-Айыл башчы.
15. Туркбаев У.-айыл башчы.
УГУЛДУ: Торага конкурстук комиссия мучолорунун 11 отурумга катышкандыктан куворум болгондуктан чогулушту ачып, катчылыкка Сабытбек уулу Бактыярды-айылдык кенештин депутатын сунуштады, сунуш бир добуштан кабыл алынды.
Топоев Алишер андан кийин артыкчылыктуу койгойду тандап алууда 02.11.2016-ж. атайын отурумда иштелип чыккан критерийлердин негизинде таза, ачык- айкын, орчундуу койгойду сууруп чыгууну суранды жана ишенээрин билдирди.
Куршаб айыл аймагындагы Куршаб,Шагым, Эрдик айылдарынын баардык койгойлору томонкулор:
-Таза суу .
-Мектеп спорт аянтчасынын начардыгы жана айыл жаштары учун спорт комплексинин жоктугу.
-Бала бакча алыстыгы,жетишсиздиги жана бар бала бакчалардын толук шарты жоктугу.
-Электр энергия линияларынын эскилиги жетип авариялык абалда тургандыгы.
-Мектеп ашканасынын жоктугу.
-Жолдордун начардыгы.
- Жол четиндеги тротуарлардын жоктугу.
-Кайра иштетуу ишканалардын жоктугу(өзгочо сутту кайра иштетуу).
- Эс алуу парктын жоктугу.
-Ирригация системасынын начардыгы, кээ бир жерлерде такыр эле жоктугу.
- Коомдук банянын алыстыгы айыл ичинде жоктугу.
-Шагым, Эрдик айылдарда кабелдик интернет байланышынын жоктугу.
-Маданият уйунун жоктугу(диско клубдардын жоктугу).
-Жайыттардын бузулушу(жарака, кочкулордун кобойушу).
-Борбордук базар айланасындагы авто парковка талапка жооп бербестиги.
- Жумуш орундардын жетишсиздиги .
-Уй салуу учун жер тилкесинин жоктугу(уйсуздордун коптугу.)
-Улуш жерлердин аздыгы, копчулук болугунун начардыгы жана жетишсиздиги.
Конкурстук комиссия Куршаб,Шагым,Эрдик айылдарынын документ- терин карап, таанышып, талдап чыгып, андан кийин айыл башчылардын жана демилге чи топтордун сунуштарын эске алуу менен талашып тартышып акыры томонкудой тартипке макул болушту:
-Таза суу.
- Бала бакча .
-Спорт комплекс.
- Кичи спорт комплекс же спорт аянтча.
- ФАП .
Топоев Алишер таза суу боюнча Европа өнүктүрүү банкы каржы болуп, документтери тапшырылгандыгын билдирди, ошол себептуу тандап алынган тартип томонкудой өзгорулду жана колго салынды, бир добуштан колдошту.
Чон долбоорго сунушталуучу артыкчылыктуу койгой:
-Бала бакча куруу. Куршаб жана Шагым айылдарынын ортосунда жайланышкандыктан бенефициарлар коп жана атайын болунгон жер тилкеси бар(мектеп жана бала бакча учун 3 га. Стратегиялык жана генпланда корсотулгон).
-Куршаб айылына спорт комплекс куруу.
Кичи долбоорго сунушталуучу артыкчылыктуу койгой:
-Эрдик айылына ФАП куруу.
-«Алтын ачкыч» бала бакчасын капиталдык ремонтоо.
-Шагым айылына кичи спорт комплекс(мини фудбол аянтча)же спорт аянча(Мектеп базасында).
Куршаб айыл аймагындагы Куршаб,Шагым, Эрдик айылдарынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосунун(АРИС) «Айылды инвестициялоо-3» долбооруна(АИД-3) артыкчылыктуу көйгөйлөрүн тандап алуу боюнча конкурстук комиссиянын чогулушу
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. «Айылды инвестициялоо-3» долбооруна(АИД-3) артыкчылыктуу койгойлор жогоруда корсотулгон тартипте айылдык Кенештин отурумуна бекитуу учун сунушталсын.
2. Тийиштуу документтерди даярдоо жана токтомду аткаруу жагы Топоев А.Куршаб айыл аймагынын башчысынын орун басарына жуктолсун.
3. Токтомду көзомолдоо жагы демилгечи топторго жуктолсун.
Чогулуштун төрагасы | Топоев А.
|