Загрузка документа…
КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Куршаб айылдык Кеңешинин кезектеги XXXII сессиясы (V чакырылыш)
2016-жылдын 15-ноябры №198
Куршаб айыл өкмөтүнүн Куршаб айылынан Шагым айылына чейинки аралыкта мектеп жана бала бакча курууга мурда ажыратылган 3,0 га жердин документтерин мамлекеттик актыларын бүтүрүп берүү жөнүндөгү айыл тургундарынын арызын карап жана талкуулап чыгып, Куршаб айылдык кенешинин (бешинчи шайланган) кезектеги ХХXII отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Куршаб айыл өкмөтүнүн Куршаб жана Шагым айылынын ортосундагы атайын социалдык обьекттерге,башкача айтканда мектеп жана бала бакча курууга ажыратылган 3,0 га жерге тиешелүү документтерин, мамлекеттик актыларын тактап даярдоо жагы Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Н.Калбаевке милдеттендирилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Куршаб айылдык кеёешинин жер,мелиорация,тура кжай,жерге жайгаштыруу жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Ахунов Т.Х. |