Загрузка документа…
КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Куршаб айылдык Кеңешинин кезектеги XXXII сессиясы (V чакырылыш)
2016-жылдын 15-ноябры №199
Куршаб айыл аймагындагы таза суу насостук агригатын эскилиги жеткендигинен ремонттоо иштери тез – тез жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу оңдоо жумуштарына акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү «Куршаб Таза суу» ишканасынын жетекчисинин билдирүүсүн угуп талкуулап чыгып Куршаб айылдык кенешинин (бешинчи шайланган) ХХХII отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Куршаб айылындагы стадионду реконструкциялоо долбоору бүтпөй калгандыгына байланыштуу, Куршаб айылдык кеңешинин (бешинчи шайланган) 26.02.2016-жылдагы № 156-токтому менен ал долбоорго бөлүнгөн 300 000 (үч жүз миң) сом акча каражаты таза суу насостук агрегатынын ремонттоо иштерине которулсун.
2. Куршаб айылдык кеңешинин (бешинчи шайланган) 26.02.2016-жылдагы № 156-токтому менен Куршаб айылындагы стадионду реконструкциялоо долбооруна бөлүнгөн 300 000 (үч жүз миң) сом акча каражаты таза суу насостук агрегатынын ремонттоо иштерине которуп берүү жагы Куршаб айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы У.Таировко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет,финансы,экономикалык маселелер,инвестиция тартуу жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага |
Ахунов Т.Х.
|