Загрузка документа…
КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Куршаб айылдык Кеңешинин кезектеги XXXII сессиясы (V чакырылыш)
2016-жылдын 15-ноябры №200
Куршаб айыл өкмөтүнүн аймагындагы ОсОО Куршаб мал базарынан кирип чыккан мал-жандыктардан сбор чогултуу (акы) алуу өлчөмүн бекитип берүү жөнүндөгү маселени карап талкуулап чыгып Куршаб айылдык кенешинин (бешинчи шайланган) кезектеги ХХХII отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Куршаб айыл өкмөтүнүн аймагындагы ОсОО Куршаб мал базарынан кирип чыккан мал-жандыктардан сбор чогултуу (акы) алуу өлчөмү төмөнкүдөй өлчөмдө белгиленсин:
Жылкы 1 баш үчүн 50 сом
Карамал 1 баш үчүн 50 сом
Кой,эчкиге 1 баш үчүн 30 сом
Тоок (канаттууларга) 10 сом
Автоунаалар үчүн (түрүнө карабастан) 20 сом Соода-сатык орундуктары ээлеген аянтына жараша келишимдин негизинде
2. ОсОО Куршаб мал базарынан түшкөн салык,соц.фонд жана башка төлөмдөрдү өз убагында төлөө жагы базардын ээси Т.Мурзалиевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы айылдык кенештин бюджет,финансы,экономикалык маселелер,инвестиция тартуу жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Ахунов Т.Х.
|