Загрузка документа…
КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Куршаб айылдык Кеңешинин кезектеги XXXII сессиясы (V чакырылыш)
2016-жылдын 15-ноябры №201
Куршаб айыл өкмөтүнүн аймагындагы №2 - айылдын Манас көчөсүнүн тургундарынын арызы жөнүндө
Куршаб айыл өкмөтүнүн аймагындагы №2-айылдын Манас көчөсүнүн тургундарынын жол ачып берүү жөнүндөгү арызын карап талкуулап чыгып Куршаб айылдык кенешинин (бешинчи шайланган) кезектеги ХХХII отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Куршаб айыл өкмөтүнүн аймагындагы №2-айылдын Манас көчөсүнүн тургундары өтүүчү жолду ачуу үчүн Орозбаев Шаирбекке үлүш жерлерди инивентаризациялап жерин таап берүү жагы Куршаб айыл өкмөтүнүн жер адиси Б.Маматовко жана Куршаб айыл өкмөт башчысы Ж.Калбаевке милдеттендирилсин.
2. Жолду ачуу жагы Өзгөн райондук архитектура менен биргеликте ген.пландын негизинде жүргүзүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин жер, мелиорация,турак жай, жерге жайгаштыруу жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Ахунов Т.Х.
|