Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Арык айылдык кеңешинин кезектеги VII сессиясы (VI чакырылыш)
2017-жылдын 14-июлу №7/1
«Энесай Кен» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси А.Ахмаджановдун, Куршаб дарыясындагы «Кызыл-Сенир» участкасынан 21,8 га жер аянтын бөлүп берүү боюнча, Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн башчысына берген арызы карап , талкуулап:
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жаны-Арык айылдык Кенешинин депутаттарынын, «Энесай Кен» ЖЧК на мыйзам чегинде болсо берели деген сунушу колго салынып, копчулук депутаттар макулдугун беришти.
2. Ош Бассейиндик суу чарба башкармалыгынын 14-июль 2017-жылдагы № 388 сандагы чыгыш катында21.8га жер тилкеси Жер Кодексинин 89,90,91,92 беренесинин негизинде суу фондусунун жерине карайт.Бул деген, жогоруда айтылган жер аянты Куршаб дарясынын ичинде (нугунда) турат. Демек бул жер аянты КР нын Жер Кодексинин 89 беренесинин негизинде Суу фондусунун жерине кирет. Ал эми Ушул эле Кодекстин 92 беренеси боюнча, суу фондусунун жерлерин мөөнөттүү (убактылуу) юридикалык жана жеке жактарга пайдаланууга КР нын Өкмөтүнүн чечими менен гана берилет.
Эгерде аталган жер аянты Мамлекеттик запастагы (ГЗЗ) жер болсо, КР нын Жер Кодексинин 93 беренеси боюнча мамлекеттин менчиги болуп саналат. Ал эми ушул эле Кодекстин 94 беренеси боюнча запастагы жерлер колдонууга ыйгарым укуктуу органдар тарабынан КР нын Өкмөтүнүн түзүлгөн тартиби боюнча берилет.
Натыйжада, жогоруда аталган 21,8 га жер аянты Суу фондусуна караса да, запастагы жер болсо да, айылдык Кенештин компетенциясына кирбейт.
Төрага | Ж.Осумбеков
|