Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 11-октябры № XXXIX-1
Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы мектептерди, балдар бакчаларынын күз-кышка карата даярдыгы жөнүндө
Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы мектептердин, балдар бакчаларынын күз-кышка даярдыгы жөнүндө Ноокат шаардык кеңешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт-туризм өз алдынча башкаруу, социалдык коргоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы мектептердин, балдар-бакчаларынын күз-кышка даярдыгы канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы төмөнкү мектептер, балдар-бакчалары күз-кышка карата даярдык боюнча кемчиликтерин жоюу үчүн:
-А.Абдуллаев атындагы орто мектебине-25 000 сом;
-Н.Крупская атындагы орто мектебине-25 000 сом;
-Х.Самиев атындагы орто мектебине-25 000 сом;
-№4 "Кара-Турпак" балдар бакчасына-15 000 сом;
-У.Салиева атындагы балдар бакчасына-18 300 сом;
-"Балапан" балдар бакчасына-15 000 сом;
Жалпысы: 123 300 сом акча каражаты Ноокат шаар мэриясынын 2016-жылдын 9-айынын жыйынтыгы менен үнөм болгон акча каражатынын эсебинен ажыратылып берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт, туризм, жаштар жана өз алдынча башкаруу, социалдык коргоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы |
А. Гафаров |