Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 11-октябры № XXXIX-2
Ноокат шаардык мэриясынын 2016-жылдагы жергиликтүү бюджетине түзөтүү киргизүү жөнүндө
Ноокат шаардык мэриясынын 2016-жылкы жергиликтүү бюджетинин 3112 (механизмдер жана өндүрүштүк жабдуулар) беренесине 504 473 сом акча каражаты Крупская атындагы орто мектебине бөлүштүрүлгөн. Азыркы күндө мектептин ашканасын оңдоп-түзөө муктаждыктары жаралгандыктан 3112 (механизмдер жана өндүрүштүк жабдуулар) беренесиндеги 504 473 сом акча каражатын 2221 (утурумдук оңдоп түзөө) беренесине жылдырып берүү жөнүндөгү Крупская атындагы орто мектебинин директорунун, Ноокат шаардык мэриясынын каттарынын жана Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жыл шаардык мэриясынын жергиликтүү бюджетинде Н.К.Крупская атындагы орто мектепке бөлүштүрүлгөн 3112 (механизмдер жана өндүрүштүк жабдуулар) беренесиндеги 504 473 сом акча каражатын 2221 (утурумдук оңдоп түзөө) беренесине жылдырып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы |
А.Гафаров |