Загрузка документа…
КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Бел айылдык кеңешинин кезектеги V сессиясы ( V- чакырылыш )
2016-жылдын 16-июлу №V-02
Көк-Бел айыл өкмөтүнүн негизги Ноокат Папан жолунан өтүп жаткан салмагы 50-60 тонна болгон оор жүк ташуучу авто унаалардын атайын коюлган белгилерге карабастан өтүп жаткандыгына байланыштуу күн тартибиндеги коюлган экинчи маселени карап жана талкуулап Көк-Бел айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Көк-Бел айыл өкмөтүндөгү Ноокат Папан жолунан өтүп жаткан оор жүк ташуучу авто унаалар боюнча Ноокат райондук мамлекеттик администрациясына маалымат берилсин.
2. Маалыматты даярдап Ноокат райондук мамлекеттик администрациясына берүү жагы айыл өкмөткө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткаруу көзөмөлү айылдык кеңештин айыл чарба, жер, суу, жайыт жана жаратылыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
А.Раев |