Загрузка документа…
КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Бел айылдык кеңешинин кезектеги V сессиясы ( V- чакырылыш )
2016-жылдын 16-июлу №V-03
Күн тартибинде коюлган маселени угуп жана Көк-Бел айыл өкмөтүндө бир да бала бакча жоктугун эске алуу менен Көк-Бел айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл өкмөтүндө бала бакча жоктугуна байланыштуу К. Абдылакимов атындагы Көк-Бел орто мектебинин территориясынын ичинен түндүк батыш тарабынан 0,12 га жер аянты бала бакча үчүн бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткаруу жагы айылдык кеңештин айыл чарба, жер, суу, жайыт жана жаратылыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3. Бала бакчага болгон тийиштүү архитектуралык иш кагаздарын бүткөрүү жагы Ноокат райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан суралсын.
Төрага |
А.Раев |