Загрузка документа…
КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Бел айылдык кеңешинин кезектеги V сессиясы ( V- чакырылыш )
2016-жылдын 16-июлу №V-6
Көк-Бел айыл өкмөтүндөгү жашатар арасында спортко болгон кызыгуусунун негизинде аларга жакшы шарт түзүү үчүн жана айыл өкмөтүндө атайын Көк-Бөрү оюну ойнолуучу жердин жоктугун эске алып Көк-Бел айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Көк-Бөрү оюну ойнолуучу жерге тайгазан куруу үчүн атайын жер ажыратылып берилсин.
2. Тайгазан куруу үчүн ылайыктуу жерди таап чек арасын бекитип берүү жагы айыл өкмөттүн башчысына тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткаруу көзөмөлү айыл кенештин айыл чарба, жер, суу, жайыт жана жаратылыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
А.Раев |