Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 11-октябры № XXXIX-3
"Ноокат Коммунальщик" ачык типтеги акционердик коомунун прейскуранттык бааларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
"Ноокат Коммунальщик" ачык типтеги акционердик коомунун колдонулуп келе жаткан прейскуранттык баалары бүгүнкү күндөгү инфляцияга байланыштуу жаңы прейскуранттык бааларды кабыл алуу жана өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү "Ноокат Коммунальщик" коомунун 2016-жылдын 6-октябрында Ноокат шаардык кеңешине жазган №48 катын угуп жана талкуулап, Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын сунушунун негизинде Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Ноокат Коммунальщик" ачык типтеги акционердик коомунун жаңы прейскуранттык баалары төмөндөгү таблица боюнча бекитилсин.
№ | Аталышы | Көлөмү | Суммасы |
1 | МТЗ-82.1 трактору менен катуу типтеги акыр-чикирлерди ташуу | 1 каттам үчүн | 2560 сом |
2 | МТЗ-82.1-14 трактору менен катуу типтеги акыр-чикирлерди ташуу | 1 каттам үчүн | 2545 сом |
3 | Автомашина ГАЗ-3309 менен катуу типтеги акыр-чикирлерди ташуу | 1 каттам үчүн | 2546 сом |
4 | Автомашина ГАЗ-3309 АС менен суюк типтеги акыр-чикирлерди ташуу | 1 каттам үчүн | 2781 сом |
5 | МТЗ-82.1.15 трактору менен катуу типтеги акыр-чикирлерди жуктөө жана сүрүү | 1 сааты үчүн | 614 сом |
6 | Т-40 трактору менен көчөнү тазалоо жана жуу | 1 каттам үчүн | 866 сом |
7 | Арыктарды тазалоо | 1 м.куб үчүн | 450 сом |
8 | Кошумча чыгашалар | Ар бир аткарылган иштин суммасынан | 17,25% |
2. "Ноокат Коммунальщик" ачык типтеги акционердик коомуна жаны прейскуранттык бааларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агентигинин Ош облустук бөлүмү менен макулдашуу жагы жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы |
А.Гафаров |