Загрузка документа…
КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Бел айылдык кеңешинин кезектеги VIII сессиясы ( V- чакырылыш )
2016-жылдын 29-сентябры №VIII-02
Ноокат Папан жолуна 2013-жылы Насирдин Исановдун 70 жылдык мааракесине карата асфальт төшөлгөн. Төшөлгөн асфальт 10 тонна жүккө ылайыкташтырылган. Бүгүнкү күндө өтүп жаткан оор жүк ташуучу авто унаалардын салмагы 50-60 тонна. Азыркы учурдагы Ноокат Папан жолунун абалына ылайык айыл тургундарынын түшкөн арызынын негизинде жана күн тартибинде коюлган маселени эске алуу менен Көк-Бел айылдык кеңеши
ЧЕЧИМ КЫЛАТ
1. Ноокат Папан жолунун 27-28-километрине атайын таразы көзөмөлү коюлсун.
2. Таразы көзөмөлүн сатып алуу айыл өкмөттүн эсебинен чыгымдалсын жана орноштуруу жагы айыл өкмөткө милдеттендирилсин.
3. Таразы көзөмөлү орнотулгандан кийин 10 тоннадан ашкан оор жүк ташуучу авто унаалардын жүктөрү кайтарылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
А.Раев |