Загрузка документа…
КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Бел айылдык кеңешинин кезектеги IX сессиясы ( V- чакырылыш )
2016-жылдын 6-октябры №IX-01
Көк-Бел айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Көк-Бел айыл өкмөтү менен ЖЧК «Беш Арчанын» келишими бекитилсин. (келишим тиркелет)
2. ЖЧК «Беш Арчага» келишимде көрсөтүлгөндөй жолдордун бузулуусуна карап оңдоп жана Көк-Бел айыл өкмөтүнүн элине арзан баада көмүр берүү жагы милдеттендирилсин.
3. ЖЧК «Беш Арча» тарабынан жөнөтүлгөн автоунаалар көрсөтүлгөн жол аркылуу өтсүн. Эгерде жолдон чыгып элдин үлүш жерин тебелесе, келишимде көрсөтүлгөндөй жер ээси тарабынан көмүрдөн түшүрүп калсын.
4. Келишим бузуулар, талаш тартыш Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде чечилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
А.Раев |
Келишим
Кок-Бел айылы 06.10.2016-ж.
Тараптар:
1-тарап Кок-Бел айылдык округунун башчысы А. Жороев.
2-тарап ЖЧК «Беш арчанын» жетекчиси У.З.Мамыгов
Келишимдин мазмуну: Ак-Буура дарыясындагы «Кокжатык» копуросунон баштап «Арпа тектир», «Сарыдон», «3-баз» жана «Суу жылга» участкаларынан отучу жолдорду ондоп, ошол жолдор менен комур ташуу учун эки тарап келишим тузот.
1. Кок-Бел айыл окмоту ЖЧК «Беш арчага» Кок-Бел айылынын чыгыш чек арасынан «Кокжатык» копуросунон баштап «Арпа тектир», «Сарыдон», «3-баз» жана «Суу жылга» участкаларынан отуучу жолдорду ондоп, ошол жолдор менен айылга кирбестен комур ташууга уруксат берет. Келишим боюнча бул жолдор (жалпы аянты 30га) бузулусуна жараша ондолуп туруусу керек жана 2016жылдан 2026- жылга чейин ижара толоо менен пайдаланууга берилет. Ижара олчому озгоруп туруусу мумкун. Ошондой эле ишкана Кок-Бел айыл округунун тургундарына арзан баада комур берет. Ишкананын жалпы салмагы (брутто) 25тоннадан ашкан автомашиналарына айыл ичиндеги жол менен отууго уруксат берилбейт.
2. ЖЧК «Беш арча» жолдорду бузулуусуна карап ондоп, пайдаланып жаткандыгы учун жылына гектарына 2000сомдон ижара акы толоп, Кок-Бел айылдык округунун элине арзан баада тоннасын 1000сомдон(карьердин озундо) комур берип турат.
3. ЖЧК «Беш арча» тарабынан жонотулгон автоунаалар корсотулгон жол аркылуу гана журо алат. Эгерде жолдон чыгып элдин улуш жерин тебелесе, ушул келишимге ылайык жэр ээси тарабынан комурдон тушуруп калуусуна ЖЧК «Беш арча» макулдук берет.
Келишим бузуулар, талаш тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негизинде чечилет.
Келишим кол коюлган кундон баштап кучуно кирет.
Кок-Бел айылдык округунун башчысы А.Жороев | ЖЧК «Беш арча» ишканасынын Жетекчиси Мамытов У.З. |