Загрузка документа…
КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Бел айылдык кеңешинин кезектеги IX сессиясы ( V- чакырылыш )
2016-жылдын 6-октябры №IX-03
Көк-Бел айыл өкмөтүндөгү АРИС долбоору боюнча түзүлгөн конкурсттук комиссянын айылдар боюнча аныкталган көйгөйлөрдү ранжирлөө боюнча отурумунун протоколун угуп жана талкуулап Көк-Бел айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Көк-Бел айыл өкмөтүндөгү АРИС долбоору боюнча түзүлгөн конкурсттук комиссянын айылдар боюнча аныкталган көйгөйлөрдү ранжирлөө боюнча отурумунун протоколу бекитилсин (протоколу тиркелет)
2. Бул токтомдун аткаруу көзөмөлү айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Тороканова Жумагулгө жүктөлсүн.
Төрага |
А.Раев |
Көк-Бел айыл өкмөтүндөгү АРИС боюнча Демилгелүү топтор тарабынан өткөрүлгөн фокус группалардын
№ 1-протоколу
30.09.2016-жыл | Көк-Бел айылы
|
Чогулуштун төрагасы | Сейдалиева Дилбар
|
Чогулуштун катчысы | Пайизова Гулийпа
|
КҮН ТАРТИБИ:
1. Көк-Бел айыл өкмөтүндөгү Фокус группалар тарабынан аныкталган көйгөйлөрдү ранжирлөө.
УГУЛДУ:
Күн тартибиндеги маселе боюнча демилгелүү топтун мүчөсү Сейдалиева Дилбар төмөндөгүлөргө токтолду.
Урматту жыйындын катышуучулары! Бүгүнкү жыйналышыбыздын себеби төмөндөгүчө: АРИС долбоору Көк-бел айыл өкмөтү менен иш алып барып жатат. Бул баарыбызга маалым. Бул да болсо айыл өкмөткө берилген жакшы мүмкүнчүлүк. Анткени биз АРИСтин эсебинен бир канча кичи долбоорлор менен иш алып барсак болот. Ошондуктан, биз Көк-бел жана Кайыңды айылдарындагы бир канча көйгөйлөрдү аныктадык.
Алар:
1. Көк-Бел айыл өкмөтүнүн элин таза суу менен камсыз кылуу;
2. Көк-Бел айылына «Бала Бакча» куруу;
3. Көк-Бел айылындагы мончону капиталдык ремонттон өткөрүү;
4. Жаңы көчөлөргө ЛЕП тартуу;
5. Жаңы көчөлөргө шагыл төшөө;
6. Кайыңды толук эмес орто мектебинин имаратывн жаңылоо;
7. Кайыңды айылына ФАП куруу;
8. Көк-Бел айылына тигүүчү цех ачуу;
Эми бул аныкталган көйгөйлөр боюнча кыскача маалымат бере кетейин.
Баарыбызга маалым болгондой Көк-Бел айыл өкмөтү кайракы болуп саналгандыктан бизде эң биринчи көйгөцүбүз таза суу маселеси. Көк-бел айыл өкмөтүндө 7432 калк болсо анын 52,7 пайызы гана таза суу менен камсыз болгон. Грандарыбыздан малдар да суу ичишет. Ошондуктан оорунун көбөйүшү таза суу маселесинен келип чыгып жатат.
Бизде бир да бала бакча жок. Бала бакчага баруучу балдардын саны 937 бала. Азыркы күндө үйлөрүндө тарбияланып жатышат. Эгерде бала бакча курулуп пайдаланууга берилсе, 937 бала билим алса бир канча жаран жумуш менен камсыз болоор эле.
Мончо боюнча Ак-Булак көчөсүндөгү мончону капиталдык ремонттон өткөрүү зарыл. Анткени айылыбызда саналуу гана мончолор бар. Алар да менчик мончолор. Өздөрү каалаган бааны коюп алышкан. Ошондуктан мончобуз капиталдык ремонттон өткөрүлүп пайдаланууга берилсе, айыл элине жакшы шарт түзүлмөк.
Айылдагы жаңы көчөлөрдүн электр мамычалары талапка жооп бербейт. Электр мамычалары жыгачтан, ал эми электр чубалгылары атайын көрсөтүлгөн крийтерийлерге жооп бербейт. Өтө кооптуу абалда турат.
Жаңы курулуп жаткан үйлөрдүн көчөлөрү жаан жааган учурда автоунаа эмес адам басууга мүмкүн болбой калат. Ал эми жай мезгилинде топурак, чаңга айланат. Ошондуктан жаңы көчөлөргө шагыл төшөсөк элге жакшы жардам болоор эле.
Кайыңды айылындагы мектептин абалы өтө кооптуу. 2010-жылы МЧС тарабынан кооптуу деп табылган. Бирок ошого карабастан окуучулар билим алып келүүдө. Бүгүнкү күндөгү абалы өтө эле кооптуу абалга туш болгон. Дубалдары көчүп баштаган. Ал эми эшик терезелери да жараксыз абалга келип калган.
Кайыңды айылынын дагы бир көйгөйү ФАП маселеси. Кайыңды айылында 541 жаран жашайт. Ооруган учурда Көк-бел айылына келишет. Аралыгы 45 км. Караңыздарчы жолдун алыстыгын. Бул тегиз жол болсо да мейли өтө начар жолдор. Ошондуктан ФАП куруу өтө зарыл.
Эгерде айылыбызга тигүүчү цех ачыла турган болсо көптөгөн аялдар жумуш менен камсыз болоор эле. Азыркы учурда канчалаган ууз-чебер энелерибиз, эжелерибиз жумушсуздуктун айынан бекер жүрүшөт.
Кимде кандай сунуш, ой-пикирлер бар?
Сыдыков Молдош- пенсионер. Сиздердин аткарып жаткан жумуштарыңыздар жакшы. Эл үчүн жасай бериңиздер. Эгерде аныкталган көйгөйлөр аткарылган болсо, Көк-бел элинин жашоо шарты эң мыкты болмок. Бирок азыркы көйгөйлөрдүн ичинен Таза суу, Бала – Бакча, мончонуун каптиалдык ремонту, Кайыңды толук эмес орто мектебинин имаратын жаңылоо жана Кайыңды айылына ФАП куруу. Ал эми калган үч көйгөйдү айыл өкмөт тарабынан чечсе болот. Айыл өкмөттүн бюджетти жетишет. Жогорудагы сунушту жалпы чогулуштун катышуучулары колдошту.
Жогорудагыларды угуп жана талкуулап демилгечи топ
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. Көк-Бел айыл өкмөтүнүн элин таза суу менен камсыз кылуу;
2. Көк-Бел айылына «Бала Бакча» куруу;
3. Көк-Бел айылындагы мончону капиталдык ремонттон өткөрүү;
4. Кайыңды толук эмес орто мектебинин имаратывн жаңылоо;
5. Кайыңды айылына ФАП куруу;
Төмөндөгү көйгөйлөр аныкталды деп табылсын.
Чогулуштун төрагасы | Сейдалиева Дилбар |
Чогулуштун катчысы | Пайизова Гулийпа |