Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 11-октябры № XXXIX-4
Ноокат шаарынын аймагындагы Х.Самиев атындагы орто мектебинин чатырын мамлекеттик түрткү берүүчү гранттын эсебинен жаңылоо үчүн шаар мэриясы тарабынан өздүк салым ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын аймагындагы Х.Самиев атындагы орто мектебинин чатырын мамлекеттик түрткү берүүчү гранттын эсебинен жаңылоо үчүн шаар мэриясы тарабынан өздүк салым ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын аймагындагы Х.Самиев атындагы орто мектебинин чатырын мамлекеттик түрткү берүүчү гранттын эсебинен жаңылоого 810 000 сом акча каражаты өздүк салым үчүн Ноокат шаар мэриясынын 2016-жылдын 9-айынын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы |
А.Гафаров |