Загрузка документа…
КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-апрели № XIII-01
Көк-Бел айыл өкмөтүндөгү жайыт жерлердин аянты 6792 га. Ал эми ийри мүйүздүү малдар 4098, майда мал жандыктар (анын ичинен эчкилер) 11700, жылкы 1809 баш болсо биздин жайытыбыз өзүбүздүн жергиликтүү элдин малдарына жетишсиз болуп жатса башка жактан малдарды алып келип багып жатышат. Биздин элдин менчик эгин талааларын тебелеп жатышат. Бул боюнча айыл тургундарынан да арыздар түшүп жатат. Төмөндөгүлөрдү угуп жана талкуулап Көк-Бел айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Башка жактан келген малдарды алыскы жайлоолорго айдалышы мал бакан малчыларга эскертилсин.
2. 2017-жылдын 15-майынан күнгөй жайытындагы малдар тескей жайытына айдалсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңңештин Айыл чарба, жер, суу, жайыт жана жаратылыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
А.Раев |