Загрузка документа…
КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-апрели № XIII-03
Көк-Бел айыл өкмөтүндө элдин эң көйгөлүү маселеси таза суу болуп саналат. Айыл өкмөт боюнча 1050 кожолук болсо анын 70% гана таза суу менен камсыз болгон. Жаңы конуштарга акырындык менен таза суу түтүкчөлөрү коюлуп келе жатат. Ошентсе дагы таза сууга болгон муктаждык көбөйүүдө. Элден да арыз-даттануулар түшкөн. Элдин таза сууга болгон муктаждыктарын жоюу жана төмөндөгүлөрдү талкуулап Көк-Бел айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Бел айыл өкмөтүндөгү ИСКАКБнын жетекчиси Аттокуров Абдилазиз бекитилсин
2. Таза сууга болгон тарифтер төмөндөгүдөй болуп бекитилсин: Көчөдөгү суу чорголорунан пайдалангандар үчүн айына 60 сомдон, ал эми менчик суу чорголоруна электр эсептегичи коюулгандан кийин тоннасына 20 сомдон бекитилсин.
3. Менчик суу чорголоруна суу эсептегичи 2017-жылдын 1-июнуна чейин бүтүрүү жагы ИСКАКБнын жетекчиси Аттокуров Абдилазизге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткаруу көзөмөлү айылдык кеңештин айыл чарба, жер, суу, жайыт жана жаратылыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
А. Раев |