НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги IV чакырылышынын XXXIX сессиясынын заседаниясы
2016-жылдын 11-октябры № XXXIX-5
Ноокат шаарынын аймагындагы көчөлөрдөгү бак-дарактарды кыйып, дүмүрлөрүн алып салуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын аймагындагы көчөлөрдөгү бак-дарактарды кыйып, дүмүрлөрүн алып салуу үчүн 260 000 сом акча каражатын сметанын негизинде ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын аймагындагы көчөлөрдөгү бак-дарактарды кыйып, дүмүрлөрүн алып салуу үчүн 260 000 сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы |
А.Гафаров |