Загрузка документа…
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 6-июлу №9/1
Баш-Кайыңды айылынын тургуну Өмүракунов Жаныбектин арызын канааттандыруу максатында Баш-Кайыңды айылдык Кещешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Баш-Кайыңды айылынын Саз участкасында жайгашкан эски тегирмендин орду болгон 0,20 га жер аянты Баш-Кайыңды айылынын тургуну Өмүракунов Жаныбекке кичи ГЭС куруу үчүн 7 (жети) жылдык мөөнөт менен пайдаланууга берилсин.
2. ГЭС курулгандан кийин Баш-Кайыңды айыл аймагындагы социалдык объектилерге жеңилдетилген шартта электр энергиясын камсыз кылуу жагы каралсын.
3. Токтомдун аткарылыш көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
4. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.bash-kayindy.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | А. Бокоев |