Загрузка документа…
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 6-июлу № 9/3
Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 9-мартындагы № 5/2 токтомун өзгөртүү максатында Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 9-мартындагы № 5/2 токтомунда А.Шадыбеков балдар бакчасына эмерек алуу үчүн каралган 100 000 (бир жүз миң ) сом акча каражаты муктаждык болбой калгандыктан ушул эле бакчанын ремонтуна жумшалсын.
2. Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 9-мартындагы № 5/2 токтомунда Большевик айылынын Аруузат балдар бакчасына проектисине каралган 100 000 (бир жүз миң) сом акча каражаты муктаждык болбой калгандыктан жаңы куруулуучу ФАПтын проектисине жумшалсын.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.bash-kayindy.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | А. Бокоев |