Загрузка документа…
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 6-июлу №9/6
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы адиси Мааметов Акматалынын арызын канааттандыруу максатында Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ат-Башы райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы, Ат-Башы райондук шаар куруу башкармалыгы жана Баш-Кайыңды айыл өкмөтү ген.планды чийүүгө макулдашылсын.
2. Баш-Кайыңды жана Большевик айылдарынын калктуу конуштарынын жайгаштыруу схемасы бекитилсин.
3. Баш-Кайыңды жана Большевик айылдарынын башкы ген.планына өзгөртүүлөр, толуктоолор киргизилсин.
4. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.bash-kayindy.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | А.Бокоев |