Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 26-майы № 1
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы Ж. Иманкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап 6-кезексиз сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин 5264 ТЕ Лицензиясынын негизинде ОАО “Камкор” кыш заводуна өндүрүшкө пайдалануу үчүн Ак-Сеңир участкасынан топо алууга уруксат берилсин.
2. Токтомду Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы К. Молдажиевага тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага |
Ж.Иманкулов
|