Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 11-октябры № XXXIX-6
Ноокат шаар мэриясынын алдындагы АО "Ноокат Коммунальщик" мекемесинин жумушчуларына кошумча акы (премия) төлөп берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын аймагынын тазалыгын камсыздоодо акыр-чикирди тазалоо жумуштарын аткарууда Ноокат шаар мэриясынын алдындагы АО "Ноокат Коммунальщик" мекемесинин аткарган жумуштары үчүн түшкөн өздүк кирешесинин эсебинен ар квартал сайын кошумча акы (премия) жумушчуларына төлөп берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар мэриясынын алдындагы АО "Ноокат Коммунальщик" мекемесинин аткарган жумуштары үчүн түшкөн өздүк кирешесинин эсебинен ар квартал сайын кошумча акы (премия) жумушчуларына төлөп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы |
А.Гафаров |