Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-сентябры № 6
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Кабаевдин иш планын тааныштыруунун негизинде айылдык Кеңешинин төрагасы Ж.Иманкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап 10-кезексиз сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2017-2018-жылдарга карата Кара-Суу айыл аймагындагы муниципалдык менчиктерди натыйжалуу башкаруу боюнча иш планы бекитилсин. Тиркеме тиркелет.
2. Түзүлгөн иш планга ылайык иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Кабаевге тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага |
Ж.Иманкулов
|
Кара-Суу айылдык Кеңешинин
2017-жылдын 15-сентябрындагы
сессиясынын № 6 токтому менен
бекитилди
төрага ____________Ж.Иманкулов
2017-2018-жылдарга карата Кара-Суу айыл аймагындагы муниципалдык менчиктерди натыйжалуу башкаруу боюнча иш планы
№ п/п | Иш-чаранын аталышы | Мөөнөттөр | Жооптуулар |
1 | Айыл аймагынын муниципалдык менчигин инвентаризациялоо жана эсепке алуу боюнча, тийиштүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте комиссия түзүү | 2017-жылдын 5-сентябрга карата | Айыл окмот башчысы
|
2 | Муниципалдык мүлктөрдүн баштапкы тизмесин иштеп чыгуу | 2017-жылдын 10-сентябрга карата | Жумушчу топ , айыл окмот адистери |
3 | Инвентаризация жүргүзүү, анализдөө, талдоо | 2017-жылдын 10-ноябрга карата | Комиссия-жумушчу топ, айыл өкмөт башчысы |
4 | 2018-жылдын бюджетинин долбооруна, мамлекеттик каттоодон өтүүгө керектелүүчү каражаттарды сунуштоо | 2017-жылдын 1-ноябрына карата | айыл окмот башчысы, торага |
5 | Мамлекеттик катоодон өтпөгөн мулктордун документтерин даярдоо | 2018-жылдын майга карата | Комиссия, айыл өкмөт башчысы, юрист |
6 | Муниципалдык менчиктерди мамлекеттик каттоодон өткөрүү | 2018-жылдын 1- сентябрына карата | Айыл өкмөт башчысы, тиешелүү адистери |
7 | Муниципалдык менчиктердин реестрин түзүү жана бекитүү | 2018-жылдын 2-кварталына карата | Комиссия, айыл башчы, кенеш |
8 | Муниципалдык менчикти башкаруу боюнча жергиликтүү укуктук ченемдик актыларды инвентаризациялоо | 2018-жылдын 1-кварталына карата | Жумушчу топ, эксперттер, кеңеш |
9 | Муниципалдык менчикти башкарууга керектүү жергиликтүү ЧУА (укуктук ченемдик актыларды) иштеп чыгуу жана бекитүү | 2018-жылдын 3-карталына карата | Айыл өкмөт башчысы, юрист, Айылдык кенеш |
10 | Мониторинг өткөрүү жана баалоо | 2018-жылдын 31-декабрына карата | Айыл өкмөт башчысы, торага, комиссия мүчөлөрү |