Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 21-апрели № 27-1/2
Депутат Д.Моңолдоровдун, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин Регламентине өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын I сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин Регламентинин VI-бөлүмүнүн, 37-беренесинин, фракциялардагы мүчөлөрдүн санына тиешелүү пунктунун, "Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин депутаттары, курамында жети депутаттан кем эмес фракцияларды түзүүгө укуктуу" - деген сүйлөмдө, 7 (жетиден) деген сандын ордуна 3 (үчтөн) деген сан жазылсын.
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестерине киргизүү үчүн, областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин жана ММКларга жарыялансын.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдү өзүм жүргүзөм.
Төрага |
Э.Айсаракунов |