Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-майы №5
Кашка – Суу айыл аймактык кеңешинин төрагасы Ы.Эрмаматовдун Кашка-Суу айыл аймагына караштуу Кичи Жайылма калктуу конушуна «айыл» макамын берүү жөнүндөгү Кичи Жайылма калктуу конушунун 6-май 2017-жылдагы элдик жыйынынын № 16 чечимин бекитип берүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кашка-Суу айылдык кенешинин кезектеги алтынчы сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кашка-Суу айыл аймагына караштуу Кичи Жайылма калктуу конушуна «айыл» макамын берүү жөнүндөгү Кичи Жайылма калктуу конушунун 6-май 2017-жылдагы элдик жыйынынын № 16 чечими бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, инвестицияларды тартуу, жер жана агрардык реформа, өнөр жай курулуш, коммуникация боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Ы.Эрмаматов |