Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-майы №9
Кашка – Суу айыл өкмөтүнүн башчысы С.Бакировдун айыл аймагына караштуу айылдардан чыккан таштандыларды таштоого жер бөлүүгө макулдук берүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кашка-Суу айылдык кенешинин кезектеги алтынчы сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагына караштуу айылдардан чыккан таштандыларды таштоого жер бөлүүгө макулдук берилсин.
2. Атайын таштанды таштоочу жер аянтын бөлүп, айылдардан чыккан таштандыларын атайын бөлүнгөн жайга таштоону камсыздоо айыл өкмөтүнүн башчысы С.Бакировко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, инвестицияларды тартуу, жер жана агрардык реформа, өнөр жай курулуш, коммуникация боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Ы.Эрмаматов |