Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-майы №11
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин төрагасы Ы.Ж.Эрмаматовдун Жайыт комитетинин аткарган ишин текшерүү боюнча комиссия курамын бекитүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетинин төрагасы А.Гайыповдун жайыт боюнча аткарган ишин текшерүү боюнча төмөндөгүдөй комиссия курамы бекитилсин:
Комиссия курамы:
- Кашка-Суу айылынан А.Баатыркулов
- Ачык-Суу айылынан И.Айдаров
- Кабык айылынан О.Саитов
- Кара-Кабак айылынан М.Төрөев
- Жайылма айылынан Г.Кайдакбаев
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин Жер, турак жай жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Ы.Эрмаматов |