Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-майы №13
Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы С.Бакировдун айыл өкмөтүнүн кызматтык (НИВА Шевролет ВАЗ 2123 маркасындагы) унаасын жайыт комитетине кызматтык унаа катарында пайдаланууга өткөрүп берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн кызматтык (НИВА Шевролет ВАЗ 2123) маркасындагы унаасын жайыт комитетине кызматтык унаа катарында пайдаланууга өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Жайыт комитетине өткөрүлүп берилген кызматтык унаа 150,0 (бир жүз элүү) миң сомго баалансын.
3. Токтомдун аткарылышыны көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Жер, турак жай жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Ы.Эрмаматов |