Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-августу №4
Депутат Б.Кожобекованын айылдарда мектеп окуучуларынын тамеки чегүү, алкоголдук ичимдиктер сыяктуу терс көрүнүштөрдү болтурбоо максатында мектептин айланасында жайгашан дүкөндөрдү тамеки, алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салуу жөнүндөгү баяндамасын угуп жана талкуулап, Кашка-Суу айыл аймактык кеӊешинин VI чакырылышынын кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кашка-Суу айыл аймагында жайгашкан айылдардын орто мектептеринин айланасында жайгашан дүкөндөрдөгү тамеки, алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салынсын.
2. Орто мектептердин айланасында жайгашкан дүкөндөрдөгү тыюу салынган тамеки, алкоголдук ичимдиктерди көзөмөлгө алып мыйзам чегинде чара көүү укук коргоо органдарына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык коргоо, мадания, билим берүү, экология, спорт, туризим жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Ы.Эрмаматов |