Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-августу № 5
Атын ыйгаруу жөнүндө
Кашка-Суу айыл аймагына караштуу Газ талаасындагы эгин жайларга суу чыгарып салымын кошкон инсан маркум Бакиров Жаңыбайдын эмгегин эске алып Газ талаасына Жаңыбай талаасы деп атын өзгөртүү жөнүндөгү баяндамасын угуп жана талкуулап, Кашка-Суу айыл аймактык кеӊешинин VI чакырылышынын кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашка-Суу айыл аймагына караштуу Газ талаасы Жаңыбай талаасы болуп аталсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин Жер,турак жай жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Ы.Эрмаматов |