Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-августу № 6
Депутат А.Баатыркуловдун “Азия Голд Интерпрайз” ЖЧК менен айыл өкмөтүнүн ортосундагы келишимди узартуу жөнүндөгү баяндамасын угуп жана талкуулап, Кашка-Суу айыл аймактык кенешинин VI-чакырылышынын кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Азия Голд Интерпрайз” ЖЧК менен айыл өкмөтүнүн ортосундагы келишим узартылсын
2. Токтомдун аткарылышыны көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет, салык жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
Ы.Эрмаматов |
Маалымат
Кашка-Суу айыл аймагынын бюджетинин аткарылышы боюнча II-кварталга планда 11720,4 сом, ал эми аткарылышы 11923,5 сомго аткарылган теңдөөчү грант 4716,2 планда каралган, ал эми аткарылгандыгы 4716,2 сомго аткарылган.
Салык жыйымдарынын аткарылышы боюнча планда 7004,2 сом каралса, ал эми 7207,3 сомго аткарылган, башкача айтканда 102,9 % аткарылган.
| Салыктын түрлөрү | План ( миң сом) | Факт (миң сом) | % менен | |
1 | Кирешенен алынуучу салык | 1481,2 | 1011,7 | 68,3 | |
2 | Патент салыгы | 54,4 | 57,1 | 105,0 | |
3 | Транспорт салыгы | 245,3 | 209,8 | 85,5 | |
4 | Жер салыгы физикалык жак | 113,3 | 180,9 | 159,6 | |
5 | Жер салыгы юридикалык жак | 138,8 | 216,5 | 156,0 | |
6 | Айыл чарба эмес жер салыгы | 269,1 | 483,0 | 179,5 | |
7 | Сатуудан түшүүчү салык | 52,4 | 30,8 | 58,8 | |
|
|
|
|
| |
8 | Таштанды салыгы | 12,0 | 21,5 | 179,6 | |
9 | ФПЗ | 34,5 | 79,5 | 230,5 | |
10 | Мамлекеттик алым | - | - | - | |
11 | Административдик айып | - | - | - | |
12 | Теңдөөчү грант | 4716,2 | 4716,2 | 100,0 | |
13 | Кыймылсыз мүлк салыгы | 26,4 | 67,3 | 254,9 | |
140 | Кошумча кызмат көрсөтүүлөр төлөмү | 4576,8 | 4849,2 | 105,9 | |
Айыл аймагындагы аз камсыз болгон үй бүлөөлөр атайын түзүлгөн комиссиянын негзинде аныкталып 156 үй бүлөөнүн жөлөк пул алууга тиешелүү документтери даярдалып райондук социалдык коргоо башкармалыгына жөнөтүлдү мындан тышкары айрым аз камсыз болгон үй бүлөөлөргө жана оорукчан майыптарга Арзыбаев Оронбай, Заирова Гулнур, Мансуров Акылбек, Гаипова Батма, Таштанов Бактыбек, Калмаматов Рахматилла, Сатыбалдыева Бактыгүл, Мамаражап кызы Насипа,Сапаралиев Таирел, Эгембердиев Муктаз, Адахам уулу Каныбек, Алимов Арпидин, Исламов Улукбек Амановичтерге жергиликтүү бюджеттен жалпы 90,0 (токсон ) миң сом акчалай жардам көрсөтүлдү.
1-июнь балдар күнүнө карата балдарга материалдык жардам көрсөтүү максатында айыл аймагы тарабынан 17600 (он жети миң алты жүз ) сом, Улуу жеңиштин 70 жылдык майрамына карата 35,0 (отуз беш) миң сом, бүткүл дүйнөлүк ден-соолук күнүнө карата 10,0 (он) миң сом, кургак учуктан сактануу акциясын өткөрүүгө 20,0 (жыйырма) миң сом, Ыйман адеп жана маданият жылына карата “Ыймандуу элге кут конот “ конференциясын өткөрүү үчүн 20,0 (жыйырма) миң сом акча каражаты айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилип иш-чаралар жана акция, конференциялар жогорку деңгээлде өткөрүлдү.
Биз ХХI кылымдын интелектуалдарыбыз аттуу сынакка катышып келүү үчүн Эсенкелди уулу максатбек атындагы орто мектебинин окуучусу Абиллаев Аскарбек Кубатбековичке жол акы катары 2,0 (эки) миң сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилди.
Айыл аймагына жалпы ар кандай арыз менен 86 жаран кайрылган, соц маселе боюнча 3, айыл чарбасы жана экономикалык маселелер боюнча 51, каттоого алуу жана чыгуу 19, материалдык жардам сурагандар 6 , ар түрдүү арыздардан 7арыз түшүп анын ичинен 68 арыз канаатандырылып 18 арыз көзөмөлгө коюлду.
Мал чарбасы жана ветернардык кызмат боюнча адиси тарабынан ар кандай жугуштуу ылаңдарга эмдөө 4112 баш бодо малга, ал эми 7600 баш кой, эчкиге эмдөө жүргүзүлгөн.
Мителик ылаңдарды дарылоо 210 баш бодо малга ал эми 5060 баш кой эчкиге жүргүзүлдү.
Жалпы 201 ит жана мышыктарды эхинококкозго, альвеококкозго каршы дарылоо жүргүзүлдү.
Аймактагы бодо малдарды Индентификациалоо боюнча жалпы 2000 (эки миң) дана бирка алынып келип 2000 (эки миң) баш бодо малдарга биркалар басылды.
Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы | С.Ж.Бакиров
|