Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-апрели № 4-8-2
Майлуу-Суу шаардык Кеңеш 2016 жылы шаардын киреше бөлүгүнө, атайын каражат жана республикалык бюджеттен расмий трансферттер менен бирге 68969,0 миң сом түшкөндүгүн же башкача айтканда такталган планга салыштырмалуу 100,4% түзгөндүгүн белгиледи. Бюджеттин чыгаша бөлүгү 70008,7 миң сомду түзгөн же такталган планга салыштырмалуу 96,3% түзөт. Отчеттук мезгилдин ичинде республикалык бюджеттен түшкөн каражат 20990,5 миң сом түзгөн, анын ичинде: 5143,0 миң сом бюджетке түшпөй калган сатуудан алынган салыгы эсебинен компенсация, 15344,0 миң сом соттун чечими аркылуу шаардын ички жолдорун оңдоодон калган карыз төлөмү, 503,5 миң сом 2016 жылы МКК тарабынан шайлоого тартылган жумушчулардын төлөмдөрү.Бюджеттик мекемелердин 2017-жылдын 1-январына болгон кредитордук карызы 12183,0 миң сомду түздү, анын ичинде коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө төлөмдөрү боюнча 12183,0 миң сом. Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын 2016 жылдын бюджетинин аткарылышын маалыматын карап чыгып,Майлуу-Суу шаардык Кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Шаардын 2016-жылдагы бюджетинин планын кирешелер боюнча 68 704,3 миң сом, чыгаша бөлүгү 72 675,0 миң сом бекитилсин.
2. Майлуу-Суу шаарынын 2016 жылга бюджетинин киреше бөлүгүн атайын каражат, мамалекеттик башкаруу секторунун трансферттери, активдер жана милдеттенмелери менен 68 969,0 миң сом чыгаша бөлүгү 70 008,7 миң сомго аткарылышы бекитилсин. Жана 1,2-тиркемелер бекитилсин.
3. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн .
4. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышы жана көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн жана кеңейтилген отурумунда карап талкуулого калтырылсын.
Төрага |
Б.К. Барбиев |