Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-апрели № 4-8-3а
2016-жылдын IV кварталга сатуудан салыгынан түшпөй калган каражаттардын эсебинен Республикалык бюджеттен өз ара эсептешүүлөр боюнча өткөрүлүп берилүүчү жана башка каражаттар жергиликтүү бюджетке түшкөн акча каражаттарды мэр Н.А. Маматов тарабынан сунушталган иш аракеттерди карап чыгып, депутаттар менен бирге талкуулап, шардын мэри Н.А. Маматов менен макулдашып,сунуштарды эске алып,Майлуу-Суу шаардык Кеӊештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаарынын 2017-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 4662,0 миң сом, чыгаша бөлүгү 4662,0 миң сом такталган суммасы № 1-тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме 1).
2. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн .
3. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин бюджет,каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (К.Ю.Токтоназаровко) жана шаардын мэрине (Н.А. Маматовко)жүктөлсүн.
Төрага |
Б.К. Барбиев |