Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-апрели № 4-8-9
Майлуу-Суу шаардык мэриясынын 2017-жылдын 23-мартындагы чыгыш № 01-14/424 сандуу АРИС программасынын негизинде шаарга жаңы техника (грейдер) сатып алуу тууралуу катын талкууга алып, шаардык Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаардык мэриясынын 2017-жылдын 23-мартындагы чыгыш № 01-14/424 сандуу АРИС программасынын негизинде шаарга жаңы техника (грейдер) сатып алуу тууралуу каты эске алынсын.
2. Майлуу-Суу шаарынын АРИС программасынын негизинде шаарга жаңы техника (грейдер) сатып алуу үчүн республикалык бюджеттен өз ара эсептешүүлөр боюнча өткөрүлүп берилүүчү дагы башка каражаттардын эсебинен № 4-8-3а токтому менен бекитилген № 1- тиркемесине ылайык 1 млн. (бир миллион) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Калган 500,0 (беш жүз миң) сом элден топтолгон акча каражатын эсебинен бөлүнүп берилсин
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин бюджет,каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссияга (К.Ю.Токтоназаровко) жана мэрияга (Н.А.Маматовко) жүктөлсүн.
Төрага |
Б.К. Барбиев |