Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-апрели № 4-8-10
Майлуу-Суу шаарынын социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчиси А.Э.Сагындыкованын кайрылуусун угуп, талкуулап чыгып,депутаттардын сунуштарын эске алып,Майлуу-Суу шаардык Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаарынын социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчиси А.Э.Сагындыкованын кайрылуусу эске алынсын.
2. Майлуу-Суу шаарынын социалдык өнүгүү башкармалыгында эмгектенген 12 кызматкерине бир жылга (2017-жылга) жергиликтүү бюджеттин былтыркы жылдан калган акча каражаттардын эсебинен № 4-8-3 токтому менен бекитилген № 4- тиркемесине ылайык 154 770 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин бюджет,каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы (К.Ю.Токтоназаровко) жана шаардын мэри (Н.А.Маматовко) жүктөлсүн.
Төрага |
Б.К. Барбиев |