Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-апрели № 4-8-13
Майлуу-Суу шаарындыгы “Рахат” балдар үйүнүн директору К.Э.Абдыбековтун кайрылуусун угуп, талкуулап,депутаттардын сунуштарын эске алып Майлуу-Суу шаардык Кеӊештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаарынын “Рахат” балдар үйүнүн директору К.Э. Абдыбековтун кайрылуусу эске алынсын.
2. “Рахат” балдар үйүнүн ысык суу өтүүчү трубаларын жаңылап алмашыруу үчүн республикалык бюджеттен өз ара эсептешүүлөр боюнча өткөрүлүп берилүүчү дагы башка каражаттардын эсебинен № 4-8-3а токтому менен бекитилген № 1- тиркемесине ылайык 200,0 миң сом акча каражат бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин бюджет,каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (К.Ю. Токтоназаровко) жана шаардын мэри (Н.А. Маматовко) жүктөлсүн.
Төрага |
Б.К. Барбиев |