Загрузка документа…
АЛАЙКУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз Республикасынын Кара-Кулжа районунун Алайку айылдык кеңешинин кезектеги 17 сессиясы (5-шайланган)
2016-жылдын 27-январы № 17.4
Алайку айыл Кеңешинин кезектеги 17-сессиясынын 5-чакырылыш жыйыны күн тартибиндеги төртүнчү маселе боюнча жайыт комитетинин төрагасы Ч. Төрөкановдун 2015-жылы аткарган иштери жөнүндө билдирүүсүн угуп,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетнин төрагасы Ч. Төрөкановдун 2015-жылы аткарган иши боюнча жана белгиленген план аткарылбагандыктан 2015-жылдын жайыт боюнча билдирүүсү канаттандырылбайт.
2. 2013-2014-2015-жылдарга каралган жайыт салыгы түрдүү шылтоолор менен аткарылбай жаткандыгы үчүн айыл өкмөтүнүн башчысы А. Т. Аттокуровго жайыт маселеси боюнча тез-арада чара көрүү жагы сунушталсын, кийинки сессияда жообун берүү жагы эскертилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жоопту катчы Б.Аккозуевге милдеттендирилсин.
Алайку айылдык кеңешинин төрагасы |
Н. К. Осеков |