Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-апрели № 4-8-14
Майлуу-Суу шаарынын ШБББнүн башчысы Д.И.Караевнын 2017-жылдын 03-апрелиндеги чыгыш № 01-04/152 сандуу катын, докладын угуп, талкуулап, депутаттардын сунуштарын эске алып Майлуу-Суу шаардык Кеӊештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаарынын ШБББнүн башчысы Д.И.Караевнын доклады депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. ШБББнүн 2017-жылдын 03-апрелинде чыгыш № 01-04/152 сандуу катынын негизинде №4 бала бакчасынын ремонтуна 75,0 миң сом, №7 бала бакчасына 105,0 миң сом, № 7 мектепке 70,0 миң сом акча каражат жергиликтүү бюджеттин былтыркы жылдан калган акча каражаттардын эсебинен № 4-8-3 токтому менен бекитилген № 4-тиркемесине ылайык бөлүнүп берилсин.
3. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин бюджет,каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (К.Ю. Токтоназаровко) жана шаардын мэрине (Н.А. Маматовго) жүктөлсүн.
Төрага |
Б.К.Барбиев |