Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-апрели № 4-8-15
Майлуу-Суу шаарынын мэри Н.А. Маматовтун,ӨКМдин жана Сары-Бээ АБнын башчысы А. Мамасалиевтин жер көчкү жөнүндө докладын угуп,талкуулап, депутаттардын сунуштарын эске алып Майлуу-Суу шаардык Кеӊештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаарынын мэри.А.Маматовтун, ӨКМдин жана Сары-Бээ АБнын башчысы А.Мамасалиевтин жер көчкү жөнүндө доклады жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. Жергиликтүү бюджеттин эсебинин жер көчкү болгон жерди (водозаборду) тазалоо жумуштары үчүн 400,0 миң сом акча каражаты республикалык бюджеттен өз ара эсептешүүлөр боюнча өткөрүлүп берилүүчү дагы башка каражаттардын эсебинен № 4-8-3а токтому менен бекитилген № 1- тиркемесине ылайык өзгөчө кырдаал колтийгис фондуна бөлүнүп берилсин.
3. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (К.Ю. Токтоназаровко) жана шаардын мэрине (Н.А. Маматовго) жүктөлсүн.
Төрага |
Б.К. Барбиев |