Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-апрели № 4-8-17
Майлуу-Суу шаарынын мэри Н.А. Маматовтун жана архитектуранын башчысы А.М. Керимбековтун маалыматын угуп,талкуулап,депутаттардын сунуштарын эске алып Майлуу-Суу шаардык Кеӊештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаарынын мэри Н.А.Маматовтун жана башкы архитектор А.М.Керимбековтун доклады эске алынсын.
2. Шаардын аймагындагы жерлерге топосъемка жасатуу үчүн 190,0 миң сом акча каражат жергиликтүү бюджеттин эсебинен № 4-8-3 токтому менен бекитилген № 7- тиркемесине ылайык бөлүнүп берилсин.
3. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (К.Ю. Токтоназаровко) жана шаардын мэрине (Н.А. Маматовго) жүктөлсүн.
Төрага |
Б.К. Барбиев |