Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-апрели № 4-8-18
Майлуу-Суу шаарынын мэри Н.А. Маматовтун докладын угуп,талкуулап,депутаттардын сунуштарын эске алып Майлуу-Суу шаардык Кеӊештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаарынын мэри Н.А.Маматовтун доклады эске алынсын.
2. Шаардын жолдорун жамак жолу менен оңдоо иштери үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинин 800,0 миң сом акча каражат республикалык бюджеттен өз ара эсептешүүлөр боюнча өткөрүлүп берилүүчү дагы башка каражаттардын № 4-8-3а токтому менен бекитилген № 1- тиркемесине ылайык бөлүнүп берилсин.
3. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (К.Ю.Токтоназаровко) жана шаардын мэрине (Н.А.Маматовго) жүктөлсүн.
Төрага |
Б.К.Барбиев |